Шубин атындагы музыкалык мектептин окуучулары быйыл 15тен ашык эл аралык сынактарда жеңишке жетти

Маданият Загрузка... 30 Январь 2025 13:59
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. 2024-2025-окуу жылында Бишкектеги П. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин окуучулары эл аралык сынактарда 15 тен ашык байгелүү орундарга ээ болушуп, эл аралык сынак, олимпиадалардын лауреаттары сыяктуу сыймыктуу наамдын ээлери болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининен билдиришти.

Алсак, 2024 жылдын 16-декабрында Араб эмиратынын Шарджа шаарында “Allians of talents” аттуу эл аралык фестиваль-конкурсуна фортепиано бөлүмүнүн 7-классынын окуучусу Мамаюсупова Диана 1-орунду ээлеген.

Ошондой эле Казакстантын Астана шаарында гитара классынын мугалими Анаркуль Мамбеталиева көп жылдык эмгеги жана түрк тилдүү мамлекеттердин бекемдешине кошкон салымы үчүн “Түрк элдерине эмгеги сиңген ишмер” төш белгиси менен сыйланган.

Мындан сырткары, Казакстанда “Sounds of Asia” аттуу IX эл аралык балдар чыгармачыл сынагы жана олимпиада өткөрүлгөн эл аралык деңгээлдеги сынакта П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин окуучуларынын төмөндөгүдөй байгелүү орундарга ээ болушкан:

Аспапта аткаруу – Фортепиано номинациясы боюнча:

- I даражадагы диплом Рая Еспаева мугалими Г.Ф.Шипулина;

- I даражадагы диплом Тагир Алиев мугалими Г.Ф.Шипулина;

- I даражадагы диплом Полина Петрова мугалими Г.Ф.Шипулина.

Олимпиада Сольфеджио-Теория номинациясы боюнча:

- I даражадагы диплом Айлин Назарбекова мугалими Жулина М.Н;

-I даражадагы диплом Хатидже Даглы мугалими Жулина М.Н;

-I даражадагы диплом Деңиз Даглы мугалими Жулина М.Н;

- I даражадагы диплом Малика Барчакеева мугалими Жулина М.Н;

- I даражадагы диплом Амир Анарбеков мугалими Жулина М.Н;

- II даражадагы диплом Алан Кульчаров мугалими Полунина Е.М;

- II даражадагы диплом зафира Маева мугалими Полунина Е.М;

-I даражадагы диплом Акылай Назарбекова мугалими Уркасымов Б.Э.

Казакстандын,Тараз шаарында “Melofiesta” аттуу I эл аралык балдар чыгармачыл сынагында:

Аспапта аткаруу – Фортепиано номинациясы боюнча:

- I даражадагы диплом Айлин Назарбекова мугалими Г.Ф.Шипулина;

- II даражадагы диплом Тагир Алиев мугалими Г.Ф.Шипулина.

XI эл аралык “Creative palette ” олимпиадасында.

Сольфеджио-теория номинациясы боюнча:

- I даражадагы диплом Адиль Кульчаров мугалими Саадабаева К.Д;

-I даражадагы диплом Налин Миина мугалими Саадабаева К.Д;

-I даражадагы диплом Адель Цзэн мугалими Саадабаева К.Д.