Балдарды коштоп жүрүү үчүн социалдык кызматкерлердин 550 жаңы штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мамлекет башчы өткөн жылдын май айында “Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө балдарды колдоо боюнча чараларды күчөтүүнү жарыялаган.
“Биз балдарыбыздан эч нерсе аяган жокпуз, аябайбыз дагы! Убагы келгенде баарын орду-ордуна коебуз. Буюрса балдарыбыздын жөлөк пулдарынын өлчөмүн да көбөйтөбүз. Акыркы убакта балдарга карата зордук-зомбулук жана ушул сыяктуу жагымсыз фактылар көбөйгөнүн байкап жатабыз. Мамлекет бул маселени эч качан көңүл сыртында калтырбайт. Биз ар бир баланын бакубат жашоосу үчүн жооптуубуз. Ошондуктан, 1-июнь – Балдарды коргоо күнүн утурлай балдар боюнча атайын социалдык кызматкерлердин жаңы 550 штаттык бирдиги ачыларын билдирем, алардын санын көбөйттүк. Балдардан үнөмдөөгө акыбыз жок, ошондуктан штаттык бирдигин көбөйтөлү деп жатабыз”, - деген президент Садыр Жапаров.
Өлкөбүздүн келечеги болгон балдарга камкордук көрүү максатында кол коюлган жарлыктын мааниси, максаты тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги "Балдардын укугун коргоочулар лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубековадан маек алдык.
- Жаңы кол коюлган мыйзамдын маани-маңызы тууралуу айтып берсеңиз, балдарга камкордук көрүү канчалык деңгээлде жакшырат?
- Бул акыркы жылдардагы балдарды коргоо системасындагы көптөн күткөн маанилүү мыйзам болуп саналат. Бизде жалгыз бой кары-картаңдар, майыптыгы бар адамдар, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө камкордук кылган социалдык кызматкерлер болгон. Аны менен катар, 1 миллиондун тегерегинде эмгек миграцияда жүргөн ата-энелер бар. Бирок, балдардын көйгөйлөрүн карап, коштоп жүрүүчү бир дагы социалдык кызматкер буга чейин өлкөдө болгон эмес. Нормага ылайык, негизи ар бир 3000 балага бирден социалдык кызматкер болушу зарыл. Бизде Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык 18 жашка чейинки балдар болсо, аларга 550 социалдык кызматкер аз. Бирок, президент тарабынан ушул штаттык бирдиктин киргизилиши да балдарды коргоого багытталган маанилүү кадам деп айтсак болот. Мында айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бийликтин деңгээлинде жардамга муктаж болгон балдарга камкордук көрүлмөкчү. Белгилүү болгондой, мында балдар менен иштешүүчү кадрлардын өзгөчө даярдыгы талап кылынат.
- Социалдык кызматкерлер балдарга карата зомбулукту болтурбоо үчүн кандай иштерди алып барышат?
- Социалдык кызматкерлер аймактардагы же шаардагы болобу бардык балдардын абалын эртелеп билип, үй-бүлөлөрдөгү балдар кабылган көйгөйлөрдү аныкташат. Жөн гана эсепке албастан, ар кандай көйгөйлөрдү чечкенге жардам беришет. Көп учурларда биз жагымсыз окуя же зордук-зомбулук болгондон кийин билип калып жатабыз. Ал эми социалдык кызматерлер ошол көйгөйдү алгач жеринен аныктап, тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берип, маселени чечүү менен иш алып барат. Эң негизги көйгөй ата-энелери эмгек миграциясына кетип, туугандарынын колунда калган балдардын саны көп. Ал балдар көп учурларда айланасындагы адамдардын зордук-зомбулугуна кабылышып, моралдык-психологиялык жактан жапа чегишүүдө же ар кандай турмуштук кыйынчылыктарга кабылышууда. Социалдык кызматкерлердин ишке кириши менен балдардын коопсуздугунун деңгээли жакшырат деген ишеничтемин. Албетте, 550 кызматкердин киргизилиши биринчи жакшы кадам, бирок дагы өлкө боюнча миңден ашырууга аракет кылыш керек. Негизи ар бир бала менен иштешүү кыйын, бирок кайсы бир үй-бүлөдө баланын укугу тебеленип жатат деген коңгуроо болсо, социалдык кызматкерлер жеринде иш алып барат.
- Ата-энелердин балдарга карата жоопкерчиликсиз мамилесинен улам, социалдык кызматкерлердин зарылдыгы жаралуудабы?
- Үй-бүлөө институтун сактап калабыз десек, биринчиден ата-эненин жоопкерчилигин көтөрүш керек. Эмне үчүн президент балдардын укугун коргой турган социалдык кызматкер кылып киргизип жатат. Себеби, бала деген моралдык жактан, физикалык жактан да алсыз. Бала өзүнүн айлана – чөйрөсүнөн жардам ала албай турган болсо, айыл өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин атынан барган социалдык кызматкерлер жардам беришип, тиешелүү иштерди жүргүзүп, жардамга келишет. Качан ар бир балага карата жагымдуу чөйрө түзүп берип, балдарыбызды коргосок, моралдык жактан күчтүү, акылдуу, мекенди коргой турган инсандар өсүп чыгышат. Тилекке каршы акыркы учурдагы коомубуздагы окуялар, социалдык кызматкерлердин бүгүнкү күндө орду чоң экендигин көрсөтүүдө. Биз социалдык кызматкерлердин санын дагы да көбөйтүшүбүз керек. Дагы 500 социалдык кызматкерлер кошулса, анда Кыргызстандагы ар бир 3 миң балага карата баланын укугун коргой турган бир адис бекитилет.