Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Жамиля Жаманбаева акыйкатчынын мандаты чет өлкөдөгү мекендештердин укуктарын коргоону да камтый турганын белгилеп, институт эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айтты.
Ошондой эле ал Акыйкатчы институту Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин укук коргоо улуттук институттарынын кеңешмесин уюштурууну демилгелеп жатканын кабарлады.
“Биз ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо улуттук институттарын ушул жылдын июнь айында Ысык-Көл жээгине чакырууну көздөп жатабыз. Мындай форматтагы алгачкы жолугушуу тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты өркүндөтүүгө жана биргелешкен чечимдерди кабыл алууга жакшы мүмкүнчүлүк болот деп ойлойм. Учурда бул демилге уюмга мүчө өлкөлөр тарабынан колдоого алынып, эксперттик деңгээлде талкууланууда”, - деди акыйкатчы.
Элчи бул демилгени колдоорун билдирип, Кытайда адам укугун коргоо боюнча иш алып барган өкүлдөр катыша аларын белгилеп, эки өлкө ортосундагы тарыхый жакындыкка, коңшулук мамилелерге негизделген кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыктар экенин айтты.