Шеркул Турганбаев ЖКККББнын басма сөз кызматынын башчысы болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 04 Декабрь 2025 13:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Шеркул Турганбаев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, буга чейин бул кызматты аркалаган Байказы Айтикул уулу ушул эле башкы башкармалыктын башка кызматына которулду.

Шеркул Турганбаев 2011-2019-жылдары 7-каналда, 2019-2024-жылдары Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматында, 2024-2025-жылдары Талас ОИИБдин басма сөз кызматында эмгектенген.