Ташкент, 10.04.25. /Кабар/. Өзбекстан чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү максатында визалык режимди либералдаштырууну жана диний туризмди өнүктүрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев кечээ өткөн жыйында билдиргенин өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.
Анын айтымында, Монголия менен жетишилген макулдашуунун негизинде туристтик агым 100–200дөн 4000 адамга чейин өстү. Мындай ыкманы башка өлкөлөрдө да колдонуу сунушталууда.
Мирзиёев Перс булуңундагы мамлекеттерге өзгөчө көңүл буруп, бул аймактардагы 3 миллионго жакын жаран визасыз өлкөлөрдү артык көрөрүн белгиледи.
"Учурда бул мамлекеттер үчүн Өзбекстанда 10 күндүк визасыз режим бар. Эгер аны 30 күнгө чейин узартсак, туристтердин саны 5-6 эсеге көбөйөт. Ошондой эле Индия, Пакистан, Египет жана Иран үчүн виза алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү керек", — деди ал.
Президент Россия жана Кытай менен жүргүзүлгөн тажрыйбаны Япония, Корея жана Европанын мамлекеттерине да кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, туристтерге билет сатып алууга жана электрондук виза алууга мүмкүнчүлүк берген "Бирдиктүү улуттук туристтик платформаны" ишке киргизүүнү тапшырды.
Диний туризм боюнча, Малайзия жана Индонезиядан 100 миң зыяратчыны тартуу максатында Самарканд жана Бухара аркылуу Жиддага каттамдарды ачуу иштери жүрүүдө.
Өзбекстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү BBC, Euronews жана 20дан ашык эл аралык көргөзмөлөр аркылуу таанытылып жатат. Президент чет өлкөлөрдө жарнама иштерин да күчөтүү тапшырмасын берди.
Туризмди колдоо максатында Өзбекстан 14 даана Airbus учагын сатып алат жана дагы 5 учакты ижарага алат. Ошондой эле Boeing менен 12 учакты жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталган.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Өзбекстанга келген чет элдик туристтердин саны 8,2 миллионго жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 1,8 миллионго же 24,2%га көбөйдү.