Ташкент, 03.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу менен 4-5-февралда расмий сапар менен Малайзияга барат, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.
Иш сапардын программасы премьер-министр Анвар Ибрагим менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, Малайзиянын алдыңкы компанияларынын топ-менеджерлери менен жолугушууларды, биргелешкен бизнес форумдун ишине катышуу жана башка иш-чараларды камтыйт.
Алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушуунун күн тартибинде өзбек-малайзиялык достук мамилелерин мындан ары тереңдетүү жана соода, инвестиция, инновациялар, технологиялык кызматташтык, мунай химиясы, электроника, жашыл энергетика, смарт айыл чарба, туризм жана багыттардагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери коюлган. Маданий-гуманитардык алмашууну арттырууга өзгөчө көңүл бурулат.
Лидерлер ошондой эле эл аралык саясаттын жана аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин да талкуулашат.
Саммиттин жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосундагы толук масштабдуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган Биргелешкен билдирүүнү жана салмактуу документтердин топтомун кабыл алуу пландалууда.