Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Коом Загрузка... 27 Май 2025 12:00
1028613323_0_0_2201.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында катуу шамал болуп, сел жүрүшү ыктымал.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 28-майдан 31-майга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ бул күндөрү коопсуз жайларда болууну эскертет! Өзгөчө жаан-чачындуу күндөрү тоолордо, жаратылышта эс алууда дарыя жээктеринен алыс болуңуз.

Кырсыкка кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.