Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө туман түшүп, көрүү аралыгы 500 метрге чейин төмөндөшү күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көлдө +2…+7, Баткенде +1…+6, Нарында -1…+4, Бишкекте +2…+4, ал эми Ош шаарында +4…+6 градус болот.