Шашылыш билдирүү! 10-12-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом Загрузка... 10 Май 2026 15:35
IMG_5754.width-800.png
copyright icon www

Бишкек, 10.05.26. /Кабар/. 10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн.

Мындан улам калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат. Мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга бааруудан кармануу, ошондой эле жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөй туруу шарт.