Шакиранын Бишкектеги концертине 33 өлкөдөн күйөрмандар келет

Маданият
Шакиранын Бишкектеги концертине 33 өлкөдөн күйөрмандар келет

Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Эртең, 18-октябрда Бишкек шаарында өтө турган дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концертине 33 өлкөдөн күйөрмандар келери күтүлүүдө.

Расмий билет оператору GovTicketтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк күйөрмандардын арасында Казакстандын тургундары басымдуулук кылууда. Андан кийинки орундарда Россия менен Өзбекстан турат.

Мындан тышкары, концертке АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Кытай жана Сауд Арабиясынан да коноктор келери күтүлүүдө.

Ошол эле учурда чет өлкөлүк коноктор мындан да башка жерлерден келиши мүмкүн. Анткени келтирилген статистика GovTicket аркылуу сатылган билеттердин маалыматын гана камтыйт. Билеттер башка операторлор жана өнөктөштөр аркылуу да сатылгандыктан, концертке келген өлкөлөрдүн жалпы саны көбүрөөк болушу ыктымал.

Эске салсак, Шакиранын концерти эртең, 18-октябрда" Бишкек Аренада" өтөт