Бишкек, 24.09.26 /Кабар/. Кыргызстандын шаарларынын экологиялык абалын изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, кабыл алынды.
Парламенттен билдиришкендей, комиссия түзүү боюнча токтом долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Ишеним" депутаттык тобунун демилгеси менен каралды.
Аталган комиссиянын курамына депутаттар Бактыбек Чойбеков, Улан Сариев, Улукбек Узакбаев, Махабат Мавлянова, Чолпон Эсенаманова жана Алтынкүл Мурзакимова кирди.