Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Депутат Исманали Жороев Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги үйлөрдүн аймагында кызыл сызыктардын пайда болушуна кабатыр болуп жатышканын билдирди.
Анын айтымында, шаар тургундары кандай максатта көчөлөрдө жазуулар түшүрүлүп жатканын түшүнбөй жатат.
Буга байланыштуу эл өкүлү “Бишкекбашкыархитектура” мекемесинин өкүлдөрүн парламентке келип, расмий түрдө бул маселени түшүндүрүп бериши керектигин айтты.