Сауд өнүктүрүү фонду Бишкекке 5 жаңы мектеп курат

Коом 24 Февраль 2025 17:10
481237091_1140354297563618_3799474830489645166_n.jpg
481270368_1140354150896966_8372675800091394228_n.jpg
480898050_1140354267563621_232311478247841456_n.jpg
481908547_1140354200896961_7675210609011106599_n.jpg
481016106_1140354194230295_3099376357502961266_n.jpg
480867642_1140354217563626_5348638217243404111_n.jpg
480963200_1140354337563614_2594137152652844611_n.jpg
481206901_1140354234230291_6465572408219383942_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Бүгүн Курулуш министрлигинде Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга курулуш министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев катышты.

Жолугушууда мамлекеттик мектептерди куруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууну баштоо маселелери талкууланды. Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү даярдык иштеринин жүрүшүнө канаттандыраарлык баа берип, долбоорду мындан ары да колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Фаза-2нин алкагында, Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен, Бишкек шаарында беш жаңы мектеп жана жети мектепке кошумча корпус, ал эми Чүй облусунда эки жаңы мектеп куруу пландалууда.

Бул долбоор билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү жана окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүү боюнча маанилүү кадам болуп саналат.

Эскерте кетсек, Фаза-1дин алкагында республика боюнча 28 мектеп жана 2 бала бакча курулган.