Сары-Өзөн Чүйдүн табигый керемети – Белогорка шаркыратмасы

Туризм Загрузка... 28 Июль 2025 14:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Биздин өлкөнү бийик тоолор, мөлтүр көлдөр жана агын сударыялардан сырткары көз жоосун алган шаркыратмалар да өзгөчө көрккө бөлөп турат. Алардын катарын Чүй облусунун түндүк тарабында, Сокулук капчыгайында жайгашкан Белогорка шаркыратмасы толуктайт. Жаз-жай айларында таза аба жана ажайып кооз табиятта эс алууну көздөгөн миңдеген эс алуучулар дал ушул шаркыратманы көздөй багыт алышат.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 12.51.58.jpeg

Белогорка шаркыратмасы деңиз деңгээлинен 2270 метр бийиктикте, Бишкек шаарынан 80 чакырым алыстыкта, Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан. Бийиктиги 60 метрге жеткен бул шаркыратма тоо боорунан түшүп, андан чачыраган суу 200 метрге чейин жамгыр сыяктуу жаап турат.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 12.52.57.jpeg

Ошондой эле айланасы тоо кыркалары, жашыл пейзаждар менен курчалып, ага алып баруучу негизги жол Сокулук дарыясын бойлой өткөндүктөн, бул маршрут жаратылышты жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 12.53.36.jpeg

Унаа жол бүткөндөн кийин шаркыратманын өзүнө жетүү үчүн 3,5 чакырым жөө басуу керек болот. Бул жол жеңил келип, ар кандай бадал, түрдүү өсүмдүктөр, бөрү карагат, четин, ит мурун, данкуурай, карагат сыяктуу мөмөлөр, дары чөптөр жана гүлдөрдүн түрү менен курчалган. Андыктан, эс алуучулар бул жолдо эрикпейт.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 12.54.31.jpeg

Шаркыратмадан агып түшкөн мөлтүр кашка суу Сокулук дарыясына барып кошулат. Суу абдан муздак болгондуктан адамдардын бардыгы эле анын суусуна түшө алышпайт.

Бул жердеги аба-ырайы дагы уникалдуу. Заматта күн чайыттай ачылып, кайра алай-дүлөй болуп жамгыр төгүп миң кубулуп турат. Негизинен май айынан август айлары шаркыратмага баруу үчүн ылайыктуу айлар болуп саналат.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 12.56.30.jpeg

Шаркыратмага байма-бай турлар уюштурулуп, бул жер туристтердин сүйүктүү жайына айланган. Жыл ичинде миңдеген эс алуучулар келип кетет.

Муну менен катар эле шаркыратмага жетпей жайгашкан жайыттарда жергиликтүү эл жайкысын жайлайт. Ошондой эле жер-жерлерде эс алуучуларды кабыл алган зоналар да иш алып барат.