Санториниде эки күндө 200дөн ашуун жолу жер титиреди

Дүйнө Загрузка... 05 Февраль 2025 09:45
WhatsApp Image 2025-02-05 at 06.40.52.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Санториниде эки күндө 200дөн ашуун жолу жер титиреди.

ТАСС маалымдагандай, Грециянын Санторини аралында күчү 4,9 баллга жеткен жер титирөө маал-маалы менен кайталанууда.

Афина университетинин сейсмологиялык лабораториясы эки күн ичинде 280 жолу жер силкингенин айтууда.

Ал эми 28-январдан баштап Санториниде жалпысынан 555 жолу жер титиреген.

Зилзаладан улам миңдеген жашоочулар эвакуацияланып жатат.

Санторини аралында 1956-жылы 7,5 баллдык ири жер титирөө болгон.