Санта-Клаус Рождество алдында дүйнө жүзүн кыдырууга чыкты

Дүйнө Загрузка... 25 Декабрь 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-12-25 at 08.20.27.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Санта-Клаус католик Рождествосунун алдында дүйнө жүзүн кыдырып, балдарга белек таратуу үчүн жолго чыкты. Бул тууралуу Түндүк Америка континентинин аба-космостук коргонуу боюнча бириккен командасы (НОРАД) маалымдаганын, Известия билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, салтка ылайык, АКШ жана Канаданын аскерлери атайын сайт аркылуу түз эфирдеги трансляцияны ишке киргизишти. Анын жардамы менен каалоочулар Санта-Клаустун дүйнө жүзү боюнча жүрүшүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөй алышат.

НОРАДдын маалыматына караганда, Санта-Клаус Түндүк уюлдан жолго чыккан. Ал тогуз бугу чегилген сыйкырдуу чанада сапар тартып, аларды атактуу кызыл мурундуу Рудольф жетектеп барат.

Санта Россиянын Ыраакы Чыгыш аймагына белек жеткирип, учурда Тынч океандын түштүк бөлүгүн көздөй багыт алган. Азыркыга чейин ал 125 миллиондон ашуун белек таратып үлгүргөн.

НОРАД Санта-Клаустун жүрүшүн аныктоо үчүн радиолокациялык станциялардын системасын, спутниктерди жана истребителдик учактарды колдонорун билдирди.

Санта-Клаустун кыймылын көзөмөлдөө салты 1955-жылы пайда болгон. Ошол жылы АКШдагы бир гезитте “Сантага чал” деген жарнама жарыяланып, анда телефон номери жаңылыш басылып кеткен. Натыйжада балдардын чалуулары АКШнын континенталдык аба коргонуу штабына түшүп калган. Ушундан кийин 1958-жылдан тарта аскер кызматкерлери жыл сайын Санта-Клаустун дүйнө жүзүндөгү сапары тууралуу маалымат берип турууну майрамдык салтка айландырышкан.