Салыктык кирешелер былтыр 461,7 млрд сомду түздү

Экономика 22 сентябрь 2026 11:50
Салыктык кирешелер былтыр 461,7 млрд сомду түздү
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Мамлекеттин бюджетинин салыктык кирешелери 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 461,7 млрд сомду туздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, бул 2024-жылга салыштырмалуу 112, 7 млрд сомго өстү.

“Мамлекеттик салык кызматынын салыктык түшүүлөрү – 304,3 млрд сом, Мамлекеттик бажы кызматыныкы – 157,4 млрд сом түздү”, - деди ал.