Салыкчылардын арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн көбөйгөнү байкалууда

Загрузка... 24 Январь 2025 12:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик салык кызматында координациялык кеңешме өткөрдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, кеңешмеге Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Иш-чара коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн катаалдашкан кылмыш жазасына байланыштуу уюштурулуп, анда катышуучуларга кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү. Аталган мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында УКМК тарабынан иштелип чыккан.

Укук коргоо органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөшкө карабастан, МСКнын кызматкерлеринин арасында коррупциянын өсүшү байкалууда.

Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелерине ылайык, МСКнын кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү жеткирилди:

- коррупциялык кылмыштары үчүн соттолгондорго өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыптарды белгилөөчү талаптар алынып салынды;

- коррупциялык багыттагы оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын же жубайын/жолдошун мамлекеттик кызматка алуудан баш тартуу;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө адам күнөөлүү деп табылганда статьяда каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо каралган.

Кеңешмеде белгиленгендей, өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлган. Мындан улам катышуучуларга, коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертүүлөр берилди.