Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы эсепке алуу процесстерин автоматташтыруу үчүн калкты каттоо органдары менен маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн киргизди.
Ведомстводон маалымдашкандай, маалымат алмашуу калкты каттоо органдарында жаңыдан катталган жарандарды (жеке жактар) автоматтык түрдө салыктык каттоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Бул жаңылануу бюрократияны азайтып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Салык кызматы салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн алдыңкы санариптик куралдарды киргизүүнү улантат. Санариптик чечимдер каттоо процесстерин тездетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө жардам берип, убакыт жана каржы чыгымдарын азайтат.
Калкты каттоо органдары менен интеграциялоо электрондук кызмат көрсөтүүлөргө толук өтүү жолундагы кезектеги маанилүү кадам болуп саналат, бул бардык жарандар үчүн алардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун камсыз кылат.