"Салык чек" лотореясынын жеңүүчүлөрүнө батирлердин сертификаттары тапшырылды

Коом Загрузка... 04 Февраль 2025 17:03
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматында 2023-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейин өткөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүнө батирлердин сертификаттарын тапшыруу аземи өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, сертификаттарды Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков тапшырды. Иш-чаранын соңунда катышуучулар курулуп жаткан турак үйлөргө барып, келечектеги көптөн күткөн батирлерин көрө алышты.

Эскерте кетсек, "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын экинчи этабында 1244 жеңүүчү аныкталган, алардын арасында 10 батир, 11 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомо ойнотулган.

Лотерея салык сабаттуулугун жана жарандык жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган. Ал көмүскө экономика менен күрөшүү жана контролдук-кассалык машиналарды колдонгон салык салуу субъекттерине элдик көзөмөлдү түзүү максатында уюштурулган.