Салык кызматы эмерек өнөр жайынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Экономика Загрузка... 07 Февраль 2025 12:15
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Кыргыз Республикасынын эмерек өндүрүүчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды жана электрондук эсеп-фактураны колдонууну жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, профилдик башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле эмерек өнөр жайынын 20дан ашык ири жана чакан ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЭТТК жана ЭЭФти колдонуунун тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар, ошондой эле бул документтерди милдеттүү түрдө тариздөөдөн бошотулушу мүмкүн болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин категориялары талкууланды.

Салык кызматынын адистери документтерди жүгүртүү системасын өркүндөтүү боюнча пландарды айтып беришти. Ошондой эле, жол-жоболорду кыйла жөнөкөйлөтүүнү жана иштин айрым түрлөрүн ЭТТКны милдеттүү түрдө колдонуудан жарым-жартылай бошотууну караган, коомдук талкуулоо стадиясында турган КРнын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору тууралуу түшүндүрүп беришти.

Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү тармактын ишканалары туш болгон эсеп системаларынын көйгөйлөрүн жана кемчиликтерин айтып, учурдагы процесстерди оптималдаштыруунун варианттарын сунушташты.

Жыйынтыгында К.Ысабеков бизнес-коомчулук менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ишкерликти жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигин билдирди.