Салык кызматы экономиканын өсүү темпине байланыштуу айтылган сындарды четке какты

Коом 13 октябрь 2026 09:10

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылы салыктык түшүүлөр 309 млрд сомду түзүп, белгиленген 268 млрд сомдук пландан 41 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Ал чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты.

Кубанычбек Ысабековдун айтымында, акыркы жылдары Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкарууну өркүндөтүп, аналитикалык иштерди күчөтүүдө жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу боюнча чараларды көрүүдө. Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы импорттук операцияларга жана ири салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Ал белгилегендей, Салык кызматы көмүскөдө калган резервдерди аныктоо жана салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу түшүүлөрдү көбөйтүү иштерин улантат. Мында ак ниет ишкерлерге кошумча жүк жаратпоого басым жасалат.

Ошондой эле Ысабеков салык тармагындагы абалды объективдүү чагылдыруу өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты калыптандырууда маанилүү экенин белгиледи.