Салык кызматы 1-майга чейин салык декларациясын тапшырууну эскертет

Экономика Загрузка... 08 Апрель 2025 12:10
951993fceae16d60cd2e2afeed32f0da_XL-800x635.jpg
copyright icon WWW

Ташкент, 08.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын өткөрүүдө, ал ушул жылдын 1-майына чейин уланат.

Ведомстводон маалымдашкандай, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:

– жеке ишкерлер;

– патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;

– чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген КРнын жараны;

– киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алган жеке жактар.

Белгилей кетсек, 1-апрелде салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн биринчи этабы аяктаган.

Бул этаптын алкагында декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү болгон:

– ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);

– туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 номери аркылуу же Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.