Эркин Чечейбаев Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына тааныштырылды

Загрузка... 04 Февраль 2025 16:30
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Эркин Чечейбаев эмгек жамаатына тааныштырылды.

Ведомстводон билдиришкендей, жаңы жетекчини министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды.

Данияр Амангелдиев саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Эркин Чечейбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизиле турганын белгиледи.