“Саламат жүрөк”: “Бишкек Аренанын” алдында акысыз медтекшерүү өтүүдө

Ден соолук 5 октябрь 2026 15:45
“Саламат жүрөк”: “Бишкек Аренанын” алдында акысыз медтекшерүү өтүүдө

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Бүгүн “Бишкек Арена” стадионунун ачылышынын алкагында Улуттук кардиология жана терапия борборунун, КРСУ, КММА жана башка саламаттык сактоо мекемелеринин 100дөн ашык адиси жарандардын ден соолугун текшерүүдө. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында жарандардын жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунуч факторлорун эрте аныктоого өзгөчө көңүл бурулууда.

“Кыргызстанда “Саламат жүрөк” программасы кабыл алынган, ошол программанын алкагында жарандарды текшеребиз. Биринчи бою жана салмагы, кан басымы, кандагы канттын жана холестериндин деңгээли текшерилүүдө. Бул көрсөткүчтөр ашыкча салмак, кант диабети жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун аныктоого жардам берет.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча топтолгон маалыматтар “Түндүк” системасына киргизилип, катталат”-деди борбордун директору.

Эралиевдин айтымында, тамеки чегүү жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу кеңири жайылгандыктан, жүрөк-кан тамыр оорулары көп кездешүүдө. Ошондой эле жарандар медициналык жардамга көп учурда оору күчөп, оор абалга жеткенде кайрылып жатышат.

Ал жүрөк ооруларынын коркунучун азайтуу үчүн күнүмдүк жашоодо бир катар жөнөкөй эрежелерди сактоо зарылдыгын белгиледи.

Атап айтканда, күнүнө кеминде 6-8 миң кадам басып, кыймыл-аракетти көбөйтүү, тузду жана камыр азыктарын азайтуу, жаныбарлардан алынган майларды мүмкүн болушунча чектөө, ошондой эле суткасына кеминде 7 саат уктоо сунушталат.