Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Загрузка... 29 Январь 2025 13:01
475257037_1138982128236420_3077288164377661018_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн эки жактуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган регионалдык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты.

Экономикалык өз ара аракеттенүүнү, атап айтканда соода, энергетика, транспорт жана логистика тармактарында активдештирүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Президент Садыр Жапаров жана Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү региондогу өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.