Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарында Тяньаньмэнь аянтындагы Эл баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду.
Эл баатырларынын эстелиги - Кытай Эл Республикасынын улуттук эстелиги болуп эсептелет. Ал XIX жана XX кылымдарда кытай элинин революциячыл күрөшүндө курман болгон баатырлардын элесине арналып, 1952–1958-жылдары курулган.