Садыр Жапаров "Медимпекс" медициналык буюмдарды чыгаруучу компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент 1099 12 Апрель 2026 20:15
669338397_1525922222875740_3814051557618469262_n.jpg
668712948_1525921736209122_7835135599248475017_n.jpg
669332302_1525922119542417_6566749524657869569_n.jpg
669447470_1525921906209105_1111430837982473216_n.jpg
669583098_1525921672875795_994710354262534804_n.jpg
669654461_1525922129542416_169111595682729859_n.jpg
669724624_1525922056209090_2584739633294542443_n.jpg
669886478_1525921909542438_836271269415010679_n.jpg
670144308_1525921989542430_3184029681932904312_n.jpg
671765820_1525921682875794_6802353418361004037_n.jpg
670531571_1525921729542456_3317068707956837155_n.jpg
670871322_1525922049542424_5259848184807032663_n.jpg
671522418_1525922216209074_6437595362168514620_n.jpg
671661519_1525922279542401_7151531130210143811_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө "Медимпекс" медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчү компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана автоматташтырылган технологияларды колдонуу менен заманбап медициналык продукцияларды чыгарат. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү 268 млн 550 миң сомду түздү, анын ичинде компаниянын өз каражаттары, ошондой эле фонддордон жана банк секторунан тартылган ресурстар бар.

Ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 100 млн даана продукция чыгарууга жетет. Бул ички рынокту медициналык буюмдар менен камсыздоону кыйла бекемдөөгө жана импорттон көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.

Ишканада 40 жумуш орду түзүлгөн. Ошол эле учурда өндүрүш процессинин бир кыйла бөлүгү роботтоштурулган, бул жогорку өндүрүмдүүлүктү, продукциянын сапатын жана заманбап стандарттарга шайкештигин камсыз кылат.

Мамлекет башчысы медициналык шприцтерди өндүрүүнүн технологиялык процесси, заманбап жабдуулардын иштеши жана ишканада автоматташтыруу деңгээли менен таанышты.

Ал ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн, инновациялык технологияларды киргизүүнүн жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындай ишканалар саламаттык сактоо тармагында улуттук коопсуздукту камсыздоодо жана экономиканын туруктуулугун жогорулатууда маанилүү роль ойной турганы айтылды.

Соңунда Садыр Жапаров ишкананын мындан аркы өнүгүшүнө колдоо көрсөтөрүн билдирип, өнөр жай секторуна инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи.