Президент: Экономиканын өсүшү – коррупция жана криминал менен күрөштүн натыйжасы

Президент 5 октябрь 2026 21:45
Президент: Экономиканын өсүшү – коррупция жана криминал менен күрөштүн натыйжасы
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышына катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы бүгүн президенттин командасы бийликке келген күндөн бери туура алты жыл өткөнүн белгиледи. Бул жылдар аралыгында өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга, экономикалык чөйрөдөгү иштерди жолго коюуга, ошондой эле мамлекеттин ички жана тышкы саясатын иретке келтирүүгө жетишилгенин айтты.

Президент мындан бир нече жыл мурда, 2020-жылдын аягында, мамлекеттик бюджет өтө оор абалда болгонун эске салды. Мамлекет алдында бюджеттин тартыштыгын жабуу жана тышкы карыз боюнча милдеттенмелерди аткаруу маселеси турган.

Бирок 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджет 187 млрд сом өлчөмүндөгү оң көрсөткүч менен аткарылган.

”Биздин ички дүң продукциябыз 21-жылдын аягында өсө баштаган. 9%дан кем эмес, мына 4-5 жылдан бери токтобой өсүп келет.

Муну эмне үчүн айтып жатам. Анткени кээ бир массалык маалымат каражаттары жазып айтып жатышпайбы өздөрүнүн ой-пикирлерин: ”2022-жылы Россия менен Украинанын ортосунда согуш болуп кеткендигине байланыштуу Кыргызстандын экономикасы экспорт кылып өсүп жатат“,-деп.

Жок, андай эмес. 2021-жылдын аягын карагыла, ошондон бери түшпөй келет.
Биз экономикабызды криминалды жок кылгандан, коррупцияны жок кылып жаткандан — 100% жок кыла албасак дагы, күрөшүп жатабыз, жок кылабыз аягына чейин — мына ошонун пайдасынан экономикабыз ушунтип өсүп жатат”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.