Садыр Жапаров БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору менен жолугушту — Кабар

Садыр Жапаров БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору менен жолугушту

24 апрель 2025 17:04
DST_4312.jpg
492324864_9727933067253282_3432733397970270386_n.jpg
492549352_9727932773919978_3971432586075526711_n.jpg
492855804_9727932713919984_8367342457776547076_n.jpg
Алдыга
Артка
DST_4312.jpg
492324864_9727933067253282_3432733397970270386_n.jpg
492549352_9727932773919978_3971432586075526711_n.jpg
492855804_9727932713919984_8367342457776547076_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде Бишкекте БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Кыргызстан менен ФАО ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына жана өнүктүрүү перспективаларына байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Азык-түлүк коопсуздугу, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, жер ресурстарын туруктуу башкаруу, ошондой эле агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

«Айыл чарба жана экологиялык актуалдуу маселелерди чечүүдө ФАОнун көрсөткөн колдоосун жогору баалайбыз жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деп айтты мамлекет башчы.

Президент ФАОнун көмөгү менен биздин өлкөдө бир катар маанилүү программалар иштелип чыкканын жана кабыл алынганын белгиледи. Ал ошондой эле азыркы учурда өлкөбүз тарабынан айыл чарба тармагына, азык-түлүк коопсуздугуна жана тамак-аш жаатындагы саясатка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Садыр Жапаров агрокластерлерди өнүктүрүү, жашыл биотехнологияларды, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу технологияларын, жасалма интеллектти жана айыл чарба өндүрүшүндө жаңы заманбап жабдыктарды колдонууну киргизүү багытында жигердүү иштер жүргүзүлүп жатканын ырастады.

Өз кезегинде БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй президенттин өлкөнү жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын өзгөчө белгилеп, Кыргызстандын ыңгайлуу географиялык жайгашуусун жана уникалдуу жаратылыш шарттарын баса көрсөттү.

Цюй Дунъюй Кыргызстандын министрлер кабинети менен ФАОнун ортосунда Кыргызстанда Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлгандыгына канааттангандыгын билдирип, анын кызматташтыкты тереңдетүү жана айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын ФАО менен алакасы мындан ары да чыңдалып, өнүгө берерине ишеним билдиришти.