Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Садыр Жапаров ар бир ишке өтө маани берип, ди ыкчам кабыл алып жана жол көрсөтө билген кыраакы инсан. Бул тууралуу президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине 4 жыл толду
Мен президенттин администрациясында, команданын курамында 2022-жылдан бери иштеп жатам. Бул аралыкта көп өзгөрүүлөр, ийгиликтерге күбө болдум. Тааныштар, достор жетекчибиз тууралуу көп сурайт, “жанынан кандай киши?”-деп.
Азыркы жакшы натыйжаларга адамдын жеке сапаты, энергиясы дагы өтө маанилүү экенин ушул жерден белгилеп кетким келет. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин энергиясы, анын чарчабаганы, ар бир ишке өтө маани берүү менен мамиле жасаганы, кайдыгер эместиги, бүт тармакты алаканына салгандай карап, кызыгып, көзөмөлдөгөнү, чечимди ыкчам кабыл алып жана жол көрсөтө билген кыраакылыгы ийгиликтин сыры деп айтар элем.
Ар бир жетекчини күтүүсүз чакырып, күнбү, түнбү телефон чалып тапшырма берет, же берген тапшырмасынын жыйынтыгын сурайт. Түн жарымда, кээде таңга маал деле байланышта отурганын көрөсүң, эрте менен кайра жумушта. Кайсы учурда эс алат, уктайбы же уктабай жүрө береби деп биз таң калабыз. Мындай темпке чыдагандар гана президенттин командасында иштей алат.
Жетекчибиз Садыр Жапаров президенттик кызматка эң оор учурда келди. Коронавирус пандемиясынын кесепетинен экономика кыйналып, эл аралык байланыштар солгундап, эгемендик жылдар аралыгында алынган тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөө маселеси курч турган. Ошондой эле өлкөдө коррупция тамыр жайып, уюшкан кылмыш топтору бийликке аралашкан, парламенттик башкаруу болсо башаламан абалда эле. Бирок, бул кыйынчылыктарга карабай, акыркы жылдары өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр болду:
Башкаруу жана саясат
- Парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүп, жоопкерчилик түздөн-түз президенттин колунда болду.
- Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтарып алууга жетиштик. 28 жыл чет элдик компания иштетип, 420 тоннадан ашык алтынты казып чыгарып ктекен, андан мамлекеттин пайдасы болгону 1 тонна алтын. Мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери Кумтөрдөн 1 миллиард 174 миллион доллар таза киреше түштү.
- Коррупция жана уюшкан кылмыш топтору менен күрөш күчөдү. Эми мыйзам алдында бардыгы бирдей. Мамлекетти тоноп, коопсуздукка шек келтирген, ишкерлерге күн көрсөтпөгөн уюшкан кылмыш тобу түп орду менен жок болду.
Чек ара маселеси жана тышкы саясат
2020-жылдан кийин айрым саясатчылар тышкы саясат, эл аралык мамилелер боюнча “бул бийлик эл аралык саясатты түшүнбөйт, бир дагы абройлуу коноктор Кыргызстанга келбейт, башка өлкөлөрдүн башчылары чакырбайт, теңине албайт”,-деп тилин безип сайрагандар болгон. Тышкы саясат жакшырды. Өлкө башчыбыз тыным албай сапарларга барып, Кыргызстанга бир катар абройлуу коноктор, президенттер мамлекеттик жана иш сапарлары менен келип жатат. Натыйжада бир катар эл аралык мааниси бар ири долбоорлорду макулдашууга жетиштик. 100 жылдан бери эки мамлекет менен чек арабыз чечилбей келген чырга чекит коюлду.
- Өзбекстан менен талаштуу чек ара маселелери чечилип, эки өлкө достук мамилеге жетишти.
- Тажикстан менен чек ара маселесинин акыркы этабына келдик, жакын арада чекит коюлат.
Экономикалык өсүү жана курулуш
- 2024-жылы ИДПнын көлөмү 1,5 триллион сомду түздү. ИДП жан башына бөлгөндө 2020-жылы 1,2 миң доллар болсо, 2024-жылы 2,4 миң доллар болду.
- Мамлекеттик бюджет үч эсеге өстү: 2020-жылы 247 млрд сом болсо, 2024-жылы 686,9 млрд сомго жетти.
Ири долбоор башталды
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу:
- “Камбар-Ата 1” ГЭСи ишке кирсе өлкөдөгү энергия жетишсиздигин чечет жана ошондой эле Борбор Азиядагы электр энергиясынын тартыштыгын чечүүдө салым кошот. Жаңы жумуш орундарын түзөт жана инфраструктураны жакшыртат. Экологиялык жактан таза энергия булагы катары өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздайт.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу:
- Бул долбоор Азиядан Европага жүк ташуу жолдорунун альтернативдүү багытын түзөт, соода жүгүртүүнү тездетип, транспорт чыгымдарын азайтат. Борбор Азиянын экономикалык байланыштарын бекемдеп, Кыргызстандын логистикалык түйүн катары маанисин арттырат. Кытай менен Европанын ортосундагы стратегиялык транзиттик жол болуп, глобалдык соодага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргызстандын экономикасына жыл сайын миллиарддаган сом киреше алып келет. Дүйнөлүк рынокко Кыргызстандын интеграциясы күчөп, экономикалык көз карандысыздыкка жетишүү мүмкүнчүлүгү өсөт. Эки долбоор тең Кыргызстанды Борбор Азиянын экономикалык жана энергетикалык борборуна айландырууга чоң салым кошот.
- Жыл сайын жүздөгөн мектеп, бала бакча, ооруканалар, жолдор курулууда. Шаар-аймактар, кыргыз армиясы, ӨКМ, саламаттык сактоо, жол куруу, энергетика, айыл-чарба, ж.б тармактары жаңы техникалар менен камсыздалды.
Өнөр жай жана айыл чарба
- 2024-жылы эле 100дөн ашык жаңы ишкана ачылды, анын ичинде алтын казуу жана автоунаа чыгаруучу заводдор бар.
- Айыл чарбанын дүң өндүрүмү 395 млрд сомго жетип, өсүмдүктөрдү өстүрүүдө 10%, мал чарбасында 3% өсүш болду.
Социалдык жардам
- Пенсиялар кескин көбөйтүлдү:
- Минималдык пенсия 1 800 сомдон 6 900 сомго өстү.
- Пенсиянын орточо өлчөмү 10 547 сомду түздү.
- “Бала береке” жөлөкпулу киргизилди: алыскы аймактарда 8-бала төрөлсө, үй-бүлөгө 1 млн сом бир жолку төлөм берилет.
Мен айрым бөлүгүнө гана токтолдум. Ар бир тармактагы ийгиликтер боюнча биздин мамлекеттик телеканалдар кенен токтолуу менен видео материалдарды берип жатышат. 2021-жылга чейинки коркунучтар, шек саноолор, сын пикирлер, бийлик менен элдин ортосундагы ажырым, ишенбөөчүлүк – мунун баары артта калды.
Президентибиз Садыр Жапаровдун башкаруусунун 4 жылдык бөлүгүндө – эски түшүнүктөрдү сындыруу, жаңы башкаруунун пайдубалын түптөө, экономикага жан киргизүү, эл аралык достукту бекемдөө, өндүрүштү көбөйтүү, ири долбоорлорду баштоо этабы болду. Алдыңкы жылдарда Кыргызстанды өнүккөн 30 өлкөнүн катарына киргизүү тилеги бар. Президентибиз Кумтөрдү элге кайтарам деген максаттарына жеткен сыяктуу, өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кошуу кыялына дагы жете турган мүнөзүнө терең ишенем!",-деп жазган ал.