Садыр Жапаров: Акыркы төрт жылда экономика туруктуу өсүштү көрсөттү

Президент 9 сентябрь 2026 12:15
Садыр Жапаров: Акыркы төрт жылда экономика туруктуу өсүштү көрсөттү

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Акыркы жылдардагы башкы жетишкендиктердин бири өлкөбүздүн экономикалык пайдубалынын бекемделиши болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, акыркы төрт жылда экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 10,2 пайызды түзүп туруктуу өсүштү көрсөттү.

"Бул жыйынтыкты 2026-жылдын конкреттүү көрсөткүчтөрү дагы ырастап турат. 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүү темпи 11,1 пайызды түздү. Бул Борбор Азияда гана эмес, дүйнө жүзүндөгү эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бири", - деп айтты президент.