Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 6 жылда 1075 имарат жана объект курулса, алардын бири бүгүн расмий ачылышы өтүп жаткан “Бишкек Арена” стадиону. Бул тууралуу мамлекет башчысы “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, бүгүн президенттин командасы менен бийлик башына келгенине туура 6 жыл болуп, бул жылдар кыйын абалга келип калган мамлекетибизди бир нукка салууга жетишкен.
“Бүгүн биздин бийлик башына командабыз менен келгенибизге туура 6 жыл толду. 6 жылдын ичинде биз кыйын абалга келип калган мамлекетибизди экономикалык жактан, ички жана тышкы саясат жагынан барын бир нукка салып, оңдоп кеттик.
Мына 6 жылдын ичинде 1075 ушундай имараттарды, объекттерди курган болсок, ошонун бири — мына бүгүнкү ушул “Бишкек Арена” стадиону.
1075 имараттын ичинде мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият имараттары жана башкалар бар. Андан сырткары, 521 завод-фабрика куруптурбуз.
Муну эмне үчүн айтып жатам? Ушул стадион курулуп жатканда мен ар кандай сөздөрдү уктум: “Ушундан көрө завод-фабрика салып койбойбу” деген. Завод-фабрикаларды дагы салып жатканыбызды жогоруда айтып өттүм — 521 завод-фабрика курдук. Анын ичинде ушул стадион дагы бар.
Бул стадион дагы ошол заводдордун бир орточо же болбосо чоңурагын алганда дагы, ошол заводдон кем эмес киреше алып келип турат. Мына көрүп жатасыздар, кезекке тура башташты”, - деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле президент кыргызстандыктарга кайрылып, көпчүлүк калың элдин колдоосун сезип тураарын, ошондуктан биз алдыга гана кете берерибизди белгиледи.