Өрттөн жабыркаган жаранга 231 миң сом компенсация төлөндү

Аймак Загрузка... 15 Май 2025 17:08
WhatsApp Image 2025-05-15 at 17.07.35.jpeg
copyright icon Мамлекеттик камсыздандыруу уюму

Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Өргө айылынын тургуну Ражапов Эрмек Каарович турак жайы өрттөн жабыркагандыгына байланыштуу 231 063 сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын алды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кабарлады.

Белгиленгендей, бул ыкчам каржылык колдоо — турак жайды мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу программасынын алкагында, өрт кырсыгынан кийин берилген төлөм. Программага ылайык, турак жайын камсыздандырган жарандар табигый кырсыктардан кийин материалдык зыяндын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк алышат.

"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарды турак жайларын өз убагында камсыздандырууга чакырып, мындай кырдаалдарда коргоо механизми катары камсыздандыруу ишенимдүү чечим экенин баса белгилейт",-деп айтылат маалыматта.