Өрт коопсуздугу боюнча курулушчулардын жоопкерчилиги күчөтүлөт

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 17:17
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Өрт коопсуздугу боюнча курулушчулардын жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы борбордогу айрым курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Ведомстводон билдиришкендей, кеңешмеде ӨКМ адистери курулуш иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу, жаңы курулган имараттарды эксплуатацияга берүүнүн тартибин жана жол-жобосун аныктоо, имараттарга электр жарыгын киргизүүгө (монтаждоо) лицензия берүү, ошондой эле курулуш материалдарынын өрткө туруктуулугун аныктоо боюнча лабораториялык корутунду алыш керектиги жөнүндө түшүндүрмө беришти.

Адистер белгилегендей, курулуш долбоорлорун туура эмес пландоо, өрт өчүрүүчү жабдуулардын толук эмес камсыздалышы, өрттү өчүрүүгө дайындалган суунун жоктугу, адамдык жана техногендик факторлор көп кабаттуу үйлөрдөгү акыркы өрт кырсыктарынын катталышына алып келди.

Буга байланыштуу бийик имараттарга сигнализация коюучу, электр жарыгын орнотуучу фирмалардын лицензиясын талап кылуу сунушталды. Мындан тышкары көзөмөлдү күчөтүүчү жаңы нормалар боюнча дагы маалыматтар берилди.

Белгилей кетсек, №678 токтомдун 60-пункту боюнча лицензия берүү нормасы каралган. Бул кырсыктын алдын алууга жана жоопкерчиликти күчөтүүгө шарт түзөт.

"Ал эми курулушчулар тарабынан бирин бири кайталаган органдар көбөйгөнүн, Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги менен ӨКМден уруксат кагаздарын алууда “бирдиктүү терезе” болсо деген сунуштардын айтышты",-деп айтылат маалыматта.