CountryCasa эл аралык рейтингдин статистикасына ылайык, Борбор Азияда Кыргызстан туристтердин агымынын саны боюнча алдыңкы орунду ээлейт. Анткени Кыргызстандын кооз жаратылышы туристтердин төрт мезгилде тең эс алуусуна ыңгайлуу. Экотуризмге суроо-талаптын жогорулагандыгына байланыштуу бүгүнкү күндө эс алуучуларды кабыл ала турган объекттердин курулушу кызуу жүрүүдө. Айрымдары ишке берилип, жыл бою туристтерди кабыл алуу менен алек.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2025-жылдын 1-октябрына карата туризм тармагы боюнча 230 долбоорду каржылады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган фонддон билдиришти. Бул долбоорлорго жалпы суммасы 65,2 млн АКШ доллары каралды. Буга түз жана өнөктөш банктар аркылуу каржылоолор кирет.
230 долбоорду облус-шаарлар боюнча бөлүп карай турган болсок:
- Бишкек шаары – 70;
- Ош шаары – 9;
- Ысык-Көл облусу – 80;
- Жалал-Абад облусу - 17;
- Нарын облусу – 22;
- Баткен облусу – 5;
- Ош облусу – 2;
- Талас облусу – 3;
- Чүй облусу – 22;

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Ысык-Көл обулусунун Түп районундагы жыл бою иштей турган “Каркыра” туристтик комплексинин экинчи этабын каржылоону чечкен. Долбоор заманбап туристтик инфраструктураны түзүүгө жана аймактагы туристтик тармакты өнүктүрүүгө багытталган. “Каркыра” эс алуу борбору кооз капчыгайда заманбап коттедж, ресторандарды камтыйт.
Ишкер буга чейин өз каражатына бир катар объекттерди курган. Эми фонддон алган каражат менен комплекс кеңейтилип, бассейн куруу, коттедждерди жарыктандыруу, эмеректер менен жабдуу жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүрөт. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду бул үчүн 800 миң доллар бөлөт. Бул курорт облустагы тоо-лыжа кластерин ишке ашырууга өз салымын кошмокчу. Туристтердин саны өсүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө түрткү берет.

Ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Ош шаарында TES Hotel экологиялык мейманканасынын курулушун да каржылоодо. Долбоордо номерлердин саны 43кө чейин жетип, алдыңкы жашыл технологиялар колдонулат. Мейманкана Сулайман-Тоонун жанында жайгашат. Долбоорго 1 млн АКШ доллары сарпталат, анын 70%ын фонд берет.

Фонд Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө колдоо көрсөтүү менен эки жыл мурда Жалал-Абад облусунунун Кочкор-Ата шаарында “Керемет Резорт” курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси ачылган. Анын курулушуна фонд 1 млн доллар бөлгөн.
Ошондой эле былтыр Ысык-Көлдөгү Бактуу-Долоноту айылында “Каприз” эс алуу борборунун аймагына 110 номерлүү мейманкананын курулушу башталган. Долбоордун жалпы суммасы 12,6 млн доллар, анын 9,3 миллионун фонд каржылайт. 100гө жакын жумуш оруну пайда болуп, бюджетке түшө турган салык жана социалдык төлөмдөр көбөйөт.
Мындан тышкары, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Ысык-Көл облусунда “Жуукуу Жылуусуу” дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекси курулууда.

Экономика тармагы боюнча серепчи Кубан Чороев “Кабар” агенттигине туризм тармагында ишке ашырылчу долбоорлорду каржылык жактан колдоонун артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
Кубан Чороевдин айтымында, туризм – бул Кыргызстандын экономикасынын башка тармактарындай эле тез өнүгүүдө.
- Тез киреше. Туризмдеги долбоорлор (конок үйлөр, мейманканалар, транспорт) ири өндүрүш долбоорлоруна караганда тезирээк акталат.
- Жумуш орундары. Туризм, айрыкча региондордо, көп сандаган жумуш орундарын түзөт (тейлөө, гиддер, кол өнөрчүлүк, тамактануу). Бул ички миграцияны кыскартууга жана региондорду өнүктүрүүгө түрткү берет.
- Башка тармактардын өнүгүшүнө түрткү берет. Туризмге салынган инвестициялар айыл чарбасын (продукция жеткирүү), курулушту (объекттерди куруу) жана транспорт тармагын да өнүктүрөт.
Ошондой эле серепчи учурда экологиялык туризмге өзгөчө маани берилип жатканын да белгиледи.

“Ишкерлер экотуризмге кызыкдар болуп жатышканын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоо статистикасы муну тастыктап жатат. Кыргызстандын уникалдуулугу эмнеде? Бул таза жаратылыш, бийик тоолор жана көчмөн маданият. Мындай өзгөчөлүүлүктү туристтер издейт. Суроо-талаптын өскөнүнө жараша ишкерлер экотуризм багытында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыгышууда. Ал эми өз кезегинде туризмге каржы булактарынын багытталышы бул өлкөнүн потенциалын, сектордун жогорку кирешелүүлүгүн жана региондордо жумуш орундарын түзүү жөндөмдүүлүгүн арттырат”, - деди Кубан Чороев.