Россияда жаңы миграциялык саясат күчүнө кирди. Элчи Бөкөнтаев кыргызстандыктар депортациядан кантип кутула аларын айтып берди

Интервью Загрузка... 05 Февраль 2025 20:30
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Бүгүн, 5-февралда Россияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, Россиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Эми эмгек келишими жок иштеген чет элдиктер мындан ары Россияда узак убакытка чейин жүрө алышпайт.

Россиядагы жаңы миграциялык эрежелер жана 2025-жылы Россиянын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды эмне күтүп жатканын билүү максатында “Кабар” агенттиги Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевге суроолор менен кайрылды.

Россия Федерациясынын миграциялык саясатына киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин депортация жана “кара тизмеге” кирип калуу коркунучун азайтуу максатында Россияда иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары менен кандай иштер жүргүзүлүп жатканын айтсаңыз? Учурда Россия Федерациясындагы мигранттардын абалы кандай?

– Белгилүү болгондой, 2024-жылдын март айында “Крокус Сити Холлдо” чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда болгон кайгылуу окуялардан кийин Россияда чет элдиктердин өлкөдө жүрүүсүн көзөмөлдөө механизмдерин кеңейтүү жана күчөтүү боюнча мыйзамдык деңгээлде чаралар көрүлүп жатат. Жалпысынан Россиянын мыйзамдарындагы жаңычылдыктар мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюуга жана аны уюштуруу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган, ошондуктан Россияда жүргөн мыйзамды сыйлаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын абалын канааттандырарлык деп баалоого болот.

Ошону менен бирге, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча (01.10.2024-ж.), Кыргызстандын 376 миңден ашуун жараны миграция органдарында каттоодо турганын белгилегим келет. Бул мыйзамдын талаптарын 100% аткарган жана Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу түрдө жүргөн жарандардын саны. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн депортация/чыгаруу жана “кара тизмеге” түшүү тобокелдиктерин минималдаштыруу үчүн КР Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк мекемелери бардык маалыматтык ресурстарды колдонуу менен Россияда жүргөн жана Россия Федерациясына кирүүнү пландаштырып жаткан мекендештер арасында активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Өткөн жылы кыргыз диаспорасынын жана активисттер менен биргеликте 121 иш-чара өткөрүлүп, анын жүрүшүндө тиешелүү кеңештер берилди. Консулдук бөлүмдө (күнүнө 400-600гө жакын адам) жарандарды кабыл алууда жана ишеним телефону аркылуу кеп-кеңештер, анын ичинде миграциялык мыйзамдар боюнча консультациялар берилет, жарандардын тыгыз жашаган жерлерине чыгуулар уюштурулат, маалыматтык билдирүүлөр жана видеоматериалдар чыгарылат.

Кеңири аудиторияны камтуу жана жарандарга маалыматтарды тез жеткирүү үчүн элчиликтин сайты жана Facebook жана Instagram социалдык тармактары (17,5 миңден ашуун катталуучусу бар), YouTube каналы, ошондой эле WhatsApp`тагы айрым топтор аркылуу билдирүүлөрдү таратуу механизми иштейт, алардын катышуучулары Россиянын бардык аймагындагы кыргыз диаспораларынын лидерлери жана активисттери. Элчиликтин кызматкерлери ишеним телефондору аркылуу үзгүлтүксүз кеп-кеңештерди берет. 2024-жылы кеп-кеңеш алуу үчүн элчиликтин ишеним телефондоруна 98 миң 653 жаран кайрылган. WhatsApp топтору боюнча кайрылуулардын саны 8 500дөн ашкан. Албетте, мыйзам бузууларды жана терс кесепеттерди алдын алуу үчүн чараларды көрүү зарыл. Бул Россияда жүргөн жарандардын миграция чөйрөсүндө укуктук сабаттуулугун жогорулатууну жана Россияга барууну каалагандар үчүн Кыргызстанда иммиграцияга чейинки даярдыкты билдирет. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы бардык кызыкдар ведомстволору жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан активдүү иш жүргүзүлүүдө. Бул ар кандай форумдарды, жолугушууларды өткөрүүнү жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн жана миграциялык каттоого туруунун тартиби боюнча консультацияларды камтыйт.

Россиялык миграциялык саясаттагы өзгөрүүлөрдүн фонунда элчиликтер менен консулдуктар мигранттар, анын ичинде миграциялык мыйзамдарга баш ийбей жүргөн жарандар менен кандай иш алып барууда?

– Ооба, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, акыркы убакта бул элчиликтин негизги милдети болуп калды. 2025-жылдын 5-февралында мыйзамга мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу режимин киргизүү жана Россия Федерациясында болууга мыйзамдуу негиздери жок көзөмөлгө алынган адамдардын реестрин түзүүнү караган өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Учурда Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Россия Федерациясынын аймагында “тобокелдик тобунда” 700 миңден ашуун чет элдик жарандар бар, алар эртеңден баштап көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилет. Чет өлкөлүк жарандардын бул категориясына карата төмөнкү чаралар колдонулат: банктык чектөөлөр, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга жана никеге турууга. Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, өткөн жылдын октябрына карата Россиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен (тобокелдик зонасында) Кыргыз Республикасынын 71 миң 949 жараны жүрөт. Жарандардын бул категориясына Россиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында алардын эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин түзгөндүгү, манжа изин жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө документи жок адамдар кирет.

Буга байланыштуу элчиликтин демилгеси менен https://migrant.kg сайтында Россия Федерациясында “тобокелдикте” турган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалымат жайгаштырылган. Жарандарга көрсөтүлгөн тизме боюнча өздөрүн өз алдынча текшерүүгө жана Россия Федерациясынын аймагында өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салуу үчүн алдын ала зарыл чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу болгондугун тастыктаган жарактуу документтер болгон учурда, элчилик терс кесепеттерге жол бербөө үчүн жарандарга Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууну жана мындай документтерди “тобокел зонадан” чыгуу үчүн тиешелүү маалымат базасына киргизүүнү сунуштады.

Ошол эле учурда, 2024-жылдын 30-декабрында Россия Федерациясынын Президентинин № 1126 "Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым категорияларынын Россия Федерациясындагы чыгаруу режиминин колдонулушуна байланыштуу укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык Россия Федерациясынын аймагында турган чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды белгилөө, алар жөнүндө маалыматтар контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиш.

Жарлыкка ылайык, Россияда болуу режимин бузган чет өлкөлүк жарандарга 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө Россия Федерациясындагы укуктук абалын жөнгө салуу же Россия Федерациясынан өз алдынча чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Буга байланыштуу Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарды Россия Федерациясынын аймагынан чыкпай эле жөнгө салууга чакырат. Бул үчүн жарандар 2025-жылдын 30-апрелине чейин Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү арыз менен Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылууга жана иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү шарттарга жооп бериши керек:

- чет өлкөлүк жарандарды биометрикалык идентификациялоодон өтүү, эгерде мурда өтпөсө;

- медициналык текшерүүдөн өтүү, эгерде мурда өтпөсө же сертификаттын жарактуулук мөөнөтү өтүп кетсе;

- милдеттүү төлөмдөр боюнча болгон карыздарды төлөө.

Мында убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен кайрылган Кыргыз Республикасынын жаранына карата Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгарып жибербестен администрациялык айып салуу түрүндөгү жазаны колдонуу менен аны администрациялык жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, жарлыкка ылайык, мурда Россияга кирүүсүнө тыюу салынган чет өлкөлүк жарандар, башкача айтканда, “кара тизмеге” кирип, Россияда жүрүүнү уланткан жарандар өздөрүнүн укуктук статусун жөнгө сала алышпайт. Кирүүгө чектөө коюлган кыргызстандыктардын жалпы саны 73,0 миң (31.12.2024-ж.)

Учурдан пайдаланып, мен дагы бир жолу кыргызстандыктарды Россияда мыйзамдуу жүрүү маселесине өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана терс кесепеттерге жол бербөө үчүн Россиянын компетенттүү органдарына тез арада кайрылууга чакырам.

– 30-апрелге чейин эгер алар өздөрүнүн статусун мыйзамдаштырбаса, канча кыргызстандык депортацияланышы мүмкүн?

– Жарлык дагы толук үч ай күчүндө болгондуктан, Россия Федерациясынын аймагынан ушул жылдын 30-апрелинен кийин административдик жол менен чыгарыла турган Кыргызстандын жарандарынын саны тууралуу айтуу эртерээк деп ойлойм. Элчилик жана Кыргызстандын бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрү контролдоочу жактардын реестрине кирген жана кийин Россиянын чегинен мажбурлап чыгарыла турган адамдардын санын максималдуу кыскартуу максатында алдыдагы үч айдын ичинде жарандар арасында кеңири масштабдуу маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Россия тарап менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр үчүн миграциялык мыйзамдарды жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?

– Белгилүү болгондой, Россиядагы мекендештерибизге Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгонуна байланыштуу, ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык бир катар жеңилдиктер берилген. Буга байланыштуу эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде жана Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин жарандарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын так чектөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу, кыргыз тарап жогоруда көрсөтүлгөн аянтчаларда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына Россияда жүргөн мезгилинде каралган бардык преференцияларды сактоо жана талаптарды аткаруу зарылдыгын айтууда.