Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасына $1 млрд инвестиция салды

Экономика Загрузка... 25 Ноябрь 2025 17:25
472388821_9023210474413807_6241697636379467574_n.jpg
copyright icon Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Кандай гана тармакта болбосун, ишкердикти баштаган жарандарга каржылык колдоолор талап кылынат. Демилгелүү ишкерлерге Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каражат берип, ишин илгерилеткенге себепчи болуп келүүдө. Биз бул ирет аталган фонддун өлкө экономикасына кошкон салымы тууралуу кеп кылабыз.

WhatsApp_Image_2025_t8NE9cM.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) инвестициялары маанилүү чекке жетти. Фонддон “Кабар” агенттигине маалымдагандай, 1-ноябрга карата каржыланган долбоорлордун жалпы көлөмү 1 млрд АКШ долларынан ашты. Фонд түзүлгөндөн бери өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 3658 бизнес демилгени колдоп, Кыргызстандагы негизги өнүктүрүү институттарынын бири катары макамын бекемдеди.

РКӨФтин инвестициялык саясаты туруктуу өсүштү камсыз кылууга негизделген. Каражаттар стратегиялык жактан маанилүү тармактарга — агроөнөр жай комплексине, кайра иштетүү, өндүрүш, инфраструктура, энергетика, логистика, туризм, IT жана инновацияга багытталып келет.

1-ноябрга карата акча каражаттары өзгөчө төмөнкү тармактарга көп каралган:

● агроөнөржай комплекси – 198,6 млн АКШ доллары,

● өндүрүш сектору – 140,4 млн АКШ доллары,

● гидроэнергетика – 127,6 млн АКШ доллары,

● курулуш материалдарын чыгаруу өндүрүшү – 187,6 млн АКШ доллары.

WhatsApp_Image_2025_igSziQA.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Бул багыттар өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн пайдубалын түзөт. Фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлордун аркасында заманбап айыл чарба жана кайра иштетүүчү ишканалар түзүлүүдө, энергетикалык инфраструктура жаңыртылууда, өндүрүш кеңейүүдө, жаңы жабдуулар ишке киргизилүүдө жана жумуш орундары түзүлүүдө.

Фонд ири инфраструктуралык демилгелерден баштап, чакан жана орто бизнес долбоорлоруна чейин ишкерлер үчүн каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгүн ырааттуу түрдө кеңейтүүнү улантууда. Бул ыкма бир эле учурда негизги тармактарды модернизациялоого, өндүрүштүк потенциалды чыңдоого жана аймактык экономикалык өнүгүүнү стимулдаштырууга мүмкүндүк берет.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде фонд үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду тизмектеген.

WhatsApp_Image_2025_H4quRlv.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014
"Бүгүнкү күндө энергия тартыштыгы бар экенин баарыбыз түшүнөбүз. Ошондуктан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын, жалпысынан электр энергиясын өндүргөн бардык объекттерди куруу боюнча долбоорлор биздин негизги артыкчылыгыбыз болуп саналат. Бул багытта биз 2022-жылы активдүү иштей баштадык. Ошондо бизге масштабдуу тапшырма коюлган. Учурда 16 ГЭСтин курулушун каржылап жатабыз, алардын ичинен 8и ишке берилди. 2025-жылдын өзүндө эле 4 станцияны ишке киргиздик. Кийинки жылы дагы 5 генерациялоочу объектини ишке берүү пландалууда. Булардын арасында чакан, орто жана ири өлчөмдөгү станциялар бар. Биз бардык ишибизди өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн президент тарабынан белгиленген негизги артыкчылыктарга таянып жүргүзөбүз", - деген ал.

Артем Новиков фондго биринчи этапта капиталды тартуу үчүн 500 млн доллар бөлүнгөнүн айтат. Учурда капитал кыйла көбөйдү.

f88ef1cb-4ee7-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

"2020-жылга чейин долбоорлорду каржылоого бөлүнгөн акчанын эсебинен беш жыл ичинде болгону 75 долбоор гана жактырылган. Алардын жалпы инвестициялык муктаждыгы 230 млн долларды түзгөн. Ал эми 360 млн долларга жакын каражат россиялык компаниялардын баалуу кагаздарына салынып, ошол өлкөнүн экономикасына иштеп жаткан. Бул акча Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү максатында бөлүнгөн болчу. Президент Садыр Жапаров 2021-жылдан баштап өнүктүрүү фонддорунун, анын ичинде бул фонддун ишмердүүлүгүн толугу менен реформалоо жана модернизациялоо тапшырмасын койгон. Биз бул багытта чоң иштерди аткардык. Нормативдик документтер жаңыртылды, долбоорлорду каржылоо саясаты, тобокелдиктерди башкаруу жана кадр маселелери кайра каралды. Россиялык баалуу кагаздарга салынган каражаттардын бардыгы толук Кыргызстанга кайтарылды. Учурда бул каражаттар өлкө ичинде гана иштетилип, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталууда”, – деди ал.

99dc15e5-abc7-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Фонддун каржылаган долбоорлорунун 85 пайыздан ашыгы аймактарда ишке ашат

“Нарын, Талас жана Баткен сыяктуу аймактар үчүн биз өзгөчө шарттарды түздүк. Тагыраагы, долбоорду каржылоодо коюлчу талаптарды азайттык. Мисалы, Бишкекте, Чүй облусунда жана ага жакын аймактарда 1 млн доллардан, башка аймактарда 200 миң доллардан баштап долбоорлорду каржылайбыз. Нарын, Талас жана Баткен облустарында биз сом менен каржылоонун жеңилдетилген шарттарын сунуштайбыз. Тагыраак айтканда, биз ал жакта 100 миң доллардан баштап долбоорлорду карап жатабыз", - деди ал.

Новиков белгилегендей, Жалал-Абад жана Баткен облустарында пайдалуу кендер, энергетика жана өнөр жай тармактарын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми Ысык-Көл облусу негизинен туризм тармагына басым жасоого ыңгайлуу.

WhatsApp Image 2025-11-25 at 14.07.12

"Биз азыр ландшафттык өзгөчөлүктөрдү, экотуризм жана этнотуризм мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле ар аймактын өнүгүү мүмкүнчүлүгүн анализдеп жатабыз. Ошондуктан бизнес өкүлдөрү кайсы бир долбоор менен кайрылганда, бул долбоор кайсы жерде ишке ашса натыйжалуу болоруна талдоо жүргүзөбүз. Себеби, биз ресурстук база, адам ресурстары, экспортко мүмкүнчүлүк, жеткирүү жана логистика жана башка кошумча факторлорду эске алабыз. Мисалы, Нарын облусунда чийки зат базасы жок болсо, ал жакта завод куруу башка аймактарга караганда кыйла кымбатка түшөт. Натыйжада ал ишкана экономикалык жактан пайдалуу болбой калышы мүмкүн", — деди Артем Новиков.