Роскомнадзор WhatsAppты Россияда толугу менен бөгөттөөгө уруксат берди

Дүйнө Загрузка... 25 Декабрь 2025 09:05
f996777c-14b7-40da-a73d-0ca15d9b847e.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Роскомнадзор WhatsApp мессенджерин Россияда толугу менен бөгөттөөгө уруксат берди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, мекеме мессенджерге коюлган чектөөлөр Россиянын мыйзам талаптары аткарылганга чейин улантыларын белгиледи.

"WhatsApp’ка чектөөлөр улантылат. Эгерде ал мыйзам талаптарын аткарбаса, толугу менен бөгөттөлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда WhatsApp Россияда эң популярдуу мессенджер бойдон калууда — болжол менен 100 миллион колдонуучусу бар.

Колдонуучуларга башка тиркемелерге өтүүгө шарт түзүү максатында чектөөлөр акырындык менен киргизилүүдө. "Төмөндөтүү" процесси август айында башталган. Айрым маалымат булактары мессенджердин ылдамдыгы 22-декабрдан бери 70–80% төмөндөгөнүн жазышкан.

Sboy.rf жана Detector404 мониторинг кызматтары билдиргендей, бир катар аймактарда колдонууда үзгүлтүктөр байкалууда.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, WhatsApp иштеп чыгуучулары Россиядагы чектөөлөрдү тастыкташкан.