Роналду көзүнө жаш алды: Дүйнө чемпионатында Испания Португалияны жеңди

Спорт 7 июль 2026 09:55
Роналду көзүнө жаш алды: Дүйнө чемпионатында Испания Португалияны жеңди

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалдык беттешинде Испания курамасына утулуп калгандан кийин көзүнө жаш алды.

Даңазалуу чабуулчу 2001-жылы башталган карьерасында дүйнө чемпиону наамын багындыра алган жок. Роналду Португалия курамасында 2003-жылдан бери ойноп, командасы менен жарым финалга чейин жеткенине карабастан, дүйнөлүк биринчиликтин алтыны буйруган жок.

Бул дүйнө чемпионаты 41 жаштагы Роналду үчүн карьерасындагы акыркы турнир болуп калды.

Беттеш АКШнын Техас штатындагы "Эй-Ти-энд-Ти" стадионунда өттү. Португалиялыктардын дарбазасына жалгыз голду оюндун 90+1-мүнөтүндө испаниялык жарым коргоочу Микель Мерино киргизди.

Ушуну менен Испания Португалия курама командасын 1:0 эсебинде жеңип, аларды турнирден четтетти.