Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 262 бала кызамыктан дарыланууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган оорукананын башкы дарыгеринин балдар боюнча орун басары Нургүл Молдалиева билдирди.
Анын айтымында, кызамык менен ооругандарга 9 бөлүмдө стационардык дарылоо жүргүзүлүп жатат. Ал эми, үч бала жандандыруу бөлүмүндө.
"Учурда биздин ооруканада 485 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 446сы балдар. Кызамык менен ооругандар 9 бөлүмдө жатат. Бүгүнкү күндө алардын жалпы саны 272 адамды түзсө, анын 262си балдар. Үч бала жандандыруу бөлүмүндө. Абалдары туруктуу. Күн сайын ооруканага 60-70тей адам кайрылып жатат. Кабыл алуу бөлүмүндө дарыгерлер аларды көрүп, абалына жараша, эгер ооруканага жата турган көрсөткүчтөрү болсо, жаткырышууда", - деди башкы дарыгердин орун басары.
Нургүл Молдалиева белгилегендей, кызамык менен ооруп жаткандардын басымдуу бөлүгү кызамыкка каршы эмдөө албаган балдар.
"Тилекке каршы, ооруканада жаткандардын көпчүлүгү кызамык оорусуна каршы эмдөө албаган балдар. Көбүнчө Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келгендер", - деп кошумчалады ал.