Раззаков шаарына аба каттамдарынын саны көбөйдү

Коом 2 апрель 2025 16:47
Раззаков шаарына аба каттамдарынын саны көбөйдү
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Asman Airlines авиакомпаниясы Баткен облусунун Раззаков шаарына аба каттамдарынын санын көбөйттү. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Аэропорттон билдиришкендей, каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү жумасына 4 жолу аткарылат.

Билеттер AsmanAirlines тиркемесинде жана asmanairlines.kg сайтында жеткиликтүү. Баасы 3 900 сомдон башталат.