Пуэрто-Рикодо мыйзам бузган эки кыргызстандык кармалган - ТИМ

10 февраль 2025 14:35
Пуэрто-Рикодо мыйзам бузган эки кыргызстандык кармалган - ТИМ
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, Американын укук коргоо органдары тарабынан Пуэрто-Рикодо эки кыргызстандык кармалган.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузууга шектелүүдө. Алар учурда Флорида штатынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Белгиленгендей, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тарабынан кыргызстандыктардын кармалышы боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.