Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн имаратына күн панелдери орнотулду

Загрузка... 04 Февраль 2025 11:20
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппаратынын имаратына күн панелдери орнотулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20 кВттык күн панелдерин орнотуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты менен Кытайдын Sun Energy Co компаниясынын кызматташуусунун алкагында ишке ашты.

Бул демилге экологиялык таза энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө жана мамлекеттик мекемелердин электр энергиясына болгон чыгымдарын азайтууга багытталган. Күн панелдеринин орнотулушу энергияны үнөмдөөгө жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга өбөлгө түзөт.

Жергиликтүү бийлик мындай долбоорлорду мындан ары да колдоп, башка социалдык мекемелерди да альтернативдүү энергия булактарына өткөрүү боюнча иштерди улантат.