Президенттин администрациясына жарандардын кайрылуулары 5,9 пайызга азайды

Министрлер кабинети Загрузка... 21 Февраль 2025 12:38
IMG_9430.original.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. 2023-жылга салыштырмалуу 2024-жылы президенттин администрациясына жарандардын кайрылуулары 5,9 пайызга азайган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын коллегиясында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов билдирди.

Анын айтымында, жарандардын кайрылуулары жаатында "Инфодокс" системасындагы модулдун жаңыртылышы даттануулар менен иштөө сапатын жакшыртууга жана нааразычылык акцияларынын санын азайтууга алып келди.

"Бирок бизде башкача тенденция башталды. Жергиликтүү бийлик органдарына болгон даттануулар, жеке кабыл алуу боюнча өтүнүчтөр көбөйдү" - деди ал.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин, жарандардын кайрылууларын көңүл сыртына калтыруусу, мөөнөттөрүн бузуу учурлары, же мыйзамсыз чечим кабыл алуусу боюнча айып пул салуу демилгеси жаңы мыйзам долбоорунда сунушталаарын Азамат Осмонов кошумчалады.

Белгилей кетсек, "Даттануулар китеби" ишке кирип, андан тышкаары алыскы аймактар үчүн видео кайрылууларды кабыл алуу механизми ишке киргени турат.

"Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө жана калкка кызмат көрсөтүү жаатында QR -коддор аркылуу баа берүүчү жаңы ыкма киргизилип, пилоттук долбоор 5 мамлекеттик органдан башталды", - деди Осмонов.