Президент: Соңку жылдарда өлкөбүздүн экономикалык пайдубалы бекемделди

Президент 11 сентябрь 2026 22:47
Президент: Соңку жылдарда өлкөбүздүн экономикалык пайдубалы бекемделди
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Соңку жылдардагы башкы жетишкендиктерибиздин бири – өлкөбүздүн экономикалык пайдубалынын бекемделиши болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапароа Талас шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы төрт жылда өлкөнүн экономикасынын орточо жылдык өсүү темпи 10,2 пайызды түзүп, туруктуу өсүштү көрсөттү. 2026-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1 пайызды түздү. Бул Борбор Азияда гана эмес, дүйнө жүзүндөгү эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бири.

“Экономиканын туруктуулугу эл аралык рейтингдик агенттиктердин баалоолору менен да ырасталууда. 2025-жылы эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан Кыргызстандын кредиттик рейтинги «В+» деңгээлине чейин жогорулады. Алтын-валюта резервдери өсүүдө. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети чыңдалып, өткөн жылы анын көлөмү 1,1 триллион сомдон ашты”, - деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров чакан жана орто бизнес ишенимдүү түрдө өнүгүп, жаңы жумуш орундары түзүлүп, салыктык кирешелер түшүп жатканын айтты.

“Кыргызстандын экономикасы жылдан жылга өз алдынча өнүгүү жолуна түшүп, сырткы факторлорго көз карандылыгы азайып, ички резервдердин эсебинен туруктуу өсүүгө багыт алдык. Биз өз күчүбүзгө, өз ресурстарыбызга таянуу менен “Бишкек-Арена” стадиону, “Ырыс-Ордобуз”, күндүз барып зыярат кылып келген “Манас-Ордо” сыяктуу ири имараттарыбыздын бардыгын 100 пайыз өз каражатыбызга курдук”, - деп белгиледи президент.