Бишкек, 19.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатына барды.
Мамлекет башчысын Солт-Лейк-Сити шаарынын аэропортунан Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды.
Сапардын алкагында президент штаттын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле туризм жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышат.
Андан соң Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына жөнөп, ал жерде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат, ошондой эле мамлекет башчылары жана АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.