Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарындагы инновациялык-креативдик борбордун салтанаттуу ачылышына катышты.
Мамлекет башчысы жаңы борбордун инфраструктурасы жана комплекстин бөлмөлөрү менен таанышты. Имаратта китепкана, музей, инновациялык теле жана аудио студиялар, кино-концерттик зал, коворкинг жана IT-зоналар, ошондой эле соода аянтчасы жайгашкан.
Садыр Жапаров бул борбор маданият, билим берүү жана чыгармачылык тармактарын бириктирген жаңы коомдук мейкиндикке айланарын канааттануу менен белгиледи.
Белгиленгендей, борбордун ишмердүүлүгү шаардын тургундарынын, өзгөчө жаштардын чыгармачылык, билим берүү, инновациялык жана маданий демилгелерин колдоого багытталат.
Иш-чаранын катышуучулары менен кыскача саламдашуу сөзүнөн кийин Садыр Жапаров символдук түрдө боону чечип, борбордун расмий ачылышын белгиледи.
Шаар тургундары жана маданият тармагынын өкүлдөрү жаңы заманбап борбордун түзүлүшүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти.