Президент: Экономикабыздын өсүү темпи мындан ары дагы токтобойт

Президент 5 октябрь 2026 19:30
Президент: Экономикабыздын өсүү темпи мындан ары дагы токтобойт
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Экономикабыздын өсүү темпи мындан ары дагы токтобойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2021-жылдын аягы менен бюджет 187 миллиард таза киреше менен жабылды.

“Өлкөнүн ички дүң продукциясы 2021-жылдын аягында 9%дан кем эмес өсүп, мына акыркы 4-5 жылда токтобой өсүп келет”, - деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүү да экономиканын өсүшүн камсыздап жатканын айтты.