Президент: Дүйнө Кыргызстанды жаңы түстө көрө баштады

Президент 9 сентябрь 2026 11:55
Президент: Дүйнө Кыргызстанды жаңы түстө көрө баштады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Дүйнө Кыргызстанды жаңы деңгээлде, жаңы түстө көрө баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөгө болгон кызыгуу жана ишенимдер артууда.

“Кыргызстанга болгон эл аралык көңүл мындан ары да күчөйт. Бул биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик деп билишибиз керек”, - деп айтты өлкө башчысы.